ЖРТга онлайн даярдык

Cапаттуу материалдар жана ыңгайлуу сайт.


Биз кимбиз?

* "SAT 2002-жылы түзүлгөн,"- деп адашып айтып алыпмын. ЖРТ 2002-жылы SATге окшоштурулуп түзүлгөн. SAT өзү 1926-жылы түзүлгөн.


ЖРТ жана Билимот



Кыргыз тилинде окутуу

Билимот - кыргыз тилиндеги көп функционалдуу онлайн платформа.

Күчтүү мугалимдер

Биздин мугалимдер ЖРТдан алтын сертификаттын ээси, чет мамлекеттеги жогорку окуу жайлардын студенттери.

Жаны ыкмалар жана сапаттуу материалдар

Алдынкы онлайн платформалардын ыкмалары менен кошо, ЖРТ жана SAT тесттерине окшош кылып биздин мугалимдер сапаттуу материалдарды түшүнүктүү жол менен үйрөтөт.


✅Курстарга барып отурбай эле үйдөн даярданганга шарт түзөт

✅Видео сабактар жөнөкөй, жатык тил менен түшүндүрүлгөн

✅Сабак түз эфирде болбойт. Курсту сатып алган окуучу эч кимден көз каранды болбой, эркин режимде, 24 саат бою даярдана алат.

✅ЦООМОнун бардык китептерин изилдеп чыгып, чыныгы ЖРТда кайсы темалардан суроо келсе, ошол гана темалар боюнча үйрөтүлгөн

✅Курстардагы практикалык суроолор чыныгы ЖРТ суроолоруна максималдуу түрдө жакындатылып түзүлгөн.

✅Ыңгайлуу онлайн сайт. Тестти иштеп бүткөндөн кийин жообун күтүп отурбай, автоматтык түрдө текшерип, жообун көрүүгө болот.

✅Окуучу тесттерди түшүнбөй отуруп калбайт. Математика жана Химия курстарындагы практикалык тесттердин дээрлик 100%ы чыгарылыштары менен.

✅Видео сабактардын сапаты жогорку деңгээлде. Хромакей менен тартылган (мугалимдин карааны көрүнүп турат).

1. Сайтка кирип регистрация деген жерден катталасыз. Ал жакта өзүңүз жөнүндө маалыматтарды толтуруңуз. Логин жана пароль деген жерге өзүңүз каалаган сөздү жазсаңыз болот. 2. Кийин ар дайым сайтка киргенде кирүү баскычы аркылуу өзүңүздүн логин менен паролду жазып киресиз. толтуруңуз. Логин жана пароль деген жерге өзүңүз каалаган сөздү жазсаңыз болот.

Сайтта математика, химия, биология курстары, бүтүрүүчү окуучуларга видео түрдөгү кеңештер жана сапаттуу ЖРТ сынамык тесттер камтылган.

Каалаган курска кирип,курс жөнүндө толук маалымат алса болот.Курстардагы алгачкы сабактар АКЫСЫЗ.

Ал сабактарды бекер көрүү баскычы аркылуу кирип көрсөңүз болот(сүрөттө көрсөтүлдү). Эгер сабактар жакса, курстун толук форматын сатып алууга болот.

1) Химияны нөлдөн баштап үйрөтүү

2) Курсту толук окуган окуучу 3 жолу акысыз сынамык тест тапшыра алат. Эгер бир эле сынамык тесттен 80% туура кылса, "Билимот ЖРТ Химия сертификаты" менен сыйланат.

3) Сертификат алган окуучуга чыныгы ЖРТ Химия тестинде босого баллдан(60 балл) өтүшүнө *кепилдик* берилет. Эгер өтпөй калса, төлөгөн акчасынын 20%ы кайтарылып берилет.

  • Төлөмдү Mbank капчыгына төлөңүз 0705041196 Мээрим С.
  • Төлөгөндөн кийин чекти жөнөтүү зарыл

Албетте, эгер финансылык жактан көйгөй болуп жатса, сайттагы *Билимоттон жардам* бөлүмүнө кирип форма толтурсаңыз болот. Ал анкетаны Билимот жамааты окуп чыгып, окуучуга 10%дан 100%га чейин курстарга жеңилдик бере алат.

Сайттын *бардык тесттер* бөлүмүндө "математика, негизги тест" боюнча деңгээли бирдей болгон төрт сынамык тести бар.

Баасы: 190сом

Сынамык тесттердин өзгөчөлүктөрү:

*1* Тапшырып бүткөндөн кийин жыйынтыгы менен кошо кайсы темадан канча туура кылгандыгыңыз көрсөтүлөт.

*2* Тесттеги суроолордун чыгарылыштарын видео сабак түрүндө көрө аласыз

Жана *бардык тесттер* бөлүмүндө химия боюнча 3 сынамык тест бар. Аларды биздин химия курсубузду толук окуп бүткөндөр гана акысыз тапшыра алышат.


Билимот жонундо ой-пикирлер


Кантип сайтка кирүү же катталуу керек


Төлөө жолдору